Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

АКШ Сирия бийлиги химиялык чабуул жасаган деп бекемдөөдө


Обаманын башкы жардамчысы Сириянын президенти Башар Асад химиялык чабуулдун артында турганы аныкталганын билдирди. Бирок штаб башчысы Денис Макдано Кошмо Штаттары “негиздүү түкшүмүлдөөлөрдүн айныксыз далилдерине ээ эмес” экенин жарыялады. Макданонун америкалык телеканал аркылуу билдирүүсү Обаманын администрациясы мыйзамчыларды “Сирия бийлигине каршы” аскердик операцияга уруксат берүүгө үндөп жаткан учурда айтылды.

Өкүлдөр палатасы жана Сенат бул маселени расмий талкуулоого дүйшөмбүдө киришмекчи, азырынча ал өтөр өтпөсү белгисиз. АКШда телеканалга курган маегинде Башар Асад химиялык чабуулга козголоңчулар жооптуу деп бекемдеген.

Сирия оппозициясы өкмөттүк аскерлер Дамасктын жанында элди баллистикалык ракета менен атты деген маалыматты 21-августта билдирген.

XS
SM
MD
LG