Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Сирия президенти АКШ сокку урса өч алынарын эскертти


Башар Асад Си Би Эс телеканалына интервью берүүдө. 9-сентябрь, 2013-жыл.
Башар Асад Си Би Эс телеканалына интервью берүүдө. 9-сентябрь, 2013-жыл.
Башар Асад бул тууралуу америкалык Си Би Эс телеканалы обого бүгүн чыгарган интервьюсунда айтты:

- Силер баарын күтсөңөр болот. Сөзсүз эле өкмөттөн эмес. Өкмөт бул аймактагы жалгыз оюнчу эмес. Түрдүү тараптар, түрдүү фракциялар, түрдүү идеология бар.

Башар Асад АКШнын ыктымал соккусуна түз жооптон тышкары анын тикелей эмес таасири “бейстабилдүүлүк жана терроризмдин жайылышы” болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Учурда АКШ администрациясы Конгресстен Сирия өкмөтүнө каршы ал химиялык курал колдонгону үчүн чектелген аскерий соккуга уруксат алууга умтулуп жатат.
Вашингтондун маалыматы боюнча 21-августа, Дамасктын жанындагы газ чабуулдан 1400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Бул аралыкта орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Москвада Сирия тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Сирияга сокку терроризмдин жайылышына алып барарын белгиледи.

Москва азыр, Лавров белгилендей, Жакынкы Чыгышты “бүлгүнгө алып баруучу” кырдаалга жол бербөөчү чараларды көрүп жатат. Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Европадагы сапарын аяктап жатып, Британияда болгон кезинде Сирия президенти Асад химиялык куралды өткөрүп берсе, аскерий соккунун алдын алышы мүмкүндүгүнө токтолду:

- Ал химиялык куралынын ар бир бөлүкчөсүн алдыдагы аптада эл аралык коомчулукка өткөрүп бере алат. Өткөрүп берсин, толугу менен токтоосуз өткөрүп берип, ал эсепке алынышына мүмкүнчүлүк түзсүн. Бирок ал муну жасабайт. Бул жасалбашы айныксыз.

Жон Керри Асаддын анын күчтөрү химиялык курал колдонгон жок деген ырастоосу фактыларга каршы чыгып жатканын кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG