Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Обама: Москванын демилгеси "позитивдүү өнүгүү" болушу ыктымал


АКШ президенти Барак Обама Орусиянын Сирия боюнча жаңы демилгеси “потенциалдуу түрдө позитивдүү өнүгүү” болушу мүмкүн деп билдирди. Кечээ Москва Сирия өкмөтүнө химиялык курал арсеналын эл аралык көзөмөлгө өткөрүүнү сунуш кылган. Америкалык телеканалга курган маегинде Обама бул идея убакытты создуктуруу тактикасы катары пайдаланылышы ыктымал деген чочулоосун да кошумчалады. Президент жаңы сунушту орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон талкуулаганын айтты.

Кечээ америкалык мыйзам чыгаруучулар Обама администрациясына Сирия режимине каршы сокку уруу уруксатын берип-бербөө маселесин талкуулай башташкан. Москванын демилгесинен кийин Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Харри Рейд алдын ала добуш берүүнү кийинкиге калтырды. Вашингтон 21-августта Дамасктын жака белинде болгон газ чабуулунун артында Асад режими турат деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG