Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Пакистан талиптердин мурдагы лидерин бошотот


Пакистан өкмөтүнүн расмий өкүлү билдиргенине караганда, Исламабад Ооганстандагы талиптердин мурдагы экинчи жетекчиси молдо Абдул Гани Барадарды койо берүүгө даяр. Бул кадам кошуна өлкөдөгү урушка чекит коюу аракеттеринин алкагында жасалууда.

Ооганстандын тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча делегациясы Барадардын бошотулушуна көптөн бери үндөп келген. Пакистан премьеринин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз Барадарды койо берүү күнү азыр такталып жатканын Батыш агенттиктерине билдирди. Бирок ал, Кабул күткөндөй, Ооганстанга өткөрүлбөйт, - деп түшүндүрдү Азиз.

Ишембиде Пакистан камактагы 7 талипти азат кылып жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG