Стратегиялык өнөктөштөр
Бишкекте кыргыз-кытай сүйлөшүүсү болду. Кытайдын жаңы лидери Си Цзинпин Кыргызстанга алгачкы мамлекеттик сапар менен кечээ кечинде келген. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Си Цзинпин менен Алмазбек Атамбаев кеңири форматта, эки тараптын расмий делегацияларынын катышуусунда сүйлөштү. (Мирлан Токталиев)