Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Кумтөр: жаңы ишкананын шарттары аныкталууда


Бул тууралуу ишембиде Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы жаңы келишимге ылайык, түзүлө турган ишканынын директорлор кеңеши алты адамдан тураары болжолдонууда. Анын үчөө кыргызстандык, үчөө “Центерра Голддун” өкүлдөрүнөн куралат. Жетекчиликти кыргыз тарап жүргүзмөкчү. Директорлор кеңешинин алдында бир нече тармактар боюнча иш алпарган комитеттерди түзүү каралып жатат.

Ушул жуманын башында өкмөт менен “Центерра Голд” компаниясы "Кумтөр" ишканасын биргелешип иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Ага ылайык, тараптар биргелешкен ишкана түзүп, анда ар бири 50 пайыздан теңме-тең үлүшкө ээ болууну сунуштоодо.(BkA)

XS
SM
MD
LG