Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Ыраакы Чыгыш: атомдук субмаринадагы өрт өчүрүлдү


“Звезда” аскердик заводунда оңдоодо турган “Томск” атомдук суу астында сүзүүчү кемеде өрт чыгып, аны өчүрүү иштери жакында бүттү.

Тынч океан деңиз флоту “Интерфакска” билдиргендей, өрт таңга маал туташтыруу иштери маалында чыккан. Жабыркагандар жок жана жалынды басууга 15 өрт өчүрүүчү бригада катышкан.

Оңдоо иштеринен мурда атомдук кемеден бүт аскер курал-жарактар жана аскерий жабдыктар алынып чыккан. Аймакта радиациалык кырдаал туруктуу деп билдиришти Орусиянын Тынч океан аскер флотунан. (BAz)

XS
SM
MD
LG