Казакстанга сүт азыктарын экспорттоого салынган тыюу жоюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.
Казакстан Кыргызстандан былтыр октябрь айында сүт алууну токтоткон. Буга Кыргызстанда малды идентификациялоо мыйзамы кабыл алынбаганын жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалдын начардыгы жүйөө катары келтирилген.
Бажы биримдигинин адистеринин текшерүүсүнөн соң "Ак-Сүт", "Урсус", "Үмүт и Компани", "Сүт-Булак" жана "Ак-Жалга" компанияларына салынган тыюу жоюлду. Өткөн жылдын декабрында “Бишкек сүт” жана “Кант сүт” комбинаттарынан сүт азыктарын сатып алууга уруксат берилген болчу.
Учурда "Шин-Лайн", "Тууганбаев", "Эмилия", "Алымкан" жана "МИС" компанияларынын азыктарына уруксат алуу маселеси каралып атат. (SE)