Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:58

Атамбаев: Транзиттик борбордун иши 2014-жылы 11-июлда токтойт


Кыргызстандын президенти бул тууралуу бүгүн Брюсселде НАТОнун башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен менен кездешкенден кийинки басма сөз жыйында айтты:

- Биз Ооганстандагы антитеррордук операциянын алкагындагы миссиябызды аткардык. Келерки жылдын 11-июлунда эл аралык “Манас” аэропортундагы транзиттик жүк ташуу борборунун ишин бүтүрүп жатабыз. Анткени АКШ менен Кыргызстан ортосундагы тиешелүү келишимдин мөөнөтү бүтөт.

Атамбаев Ооганстандан келерки жылы коалициялык күчтөр кетээрин эске алуу менен ЖККУ уюмуна мүчө өлкөнүн президенти катары аймактык коопсуздукту чыңдоо боюнча бир катар консультацияларды өткөрүүнү сунуш кылганын кошумчалады.

Атамбаевдин айтымында, Ооганстан боюнча Бишкекте 10-октябрда өтө турган конференцияга НАТОнун өкүлдөрү чакырылды. (UE)

XS
SM
MD
LG