Бухара облусунун Вобкент районунда 6 жаштагы бала пахтага тумчугуп каза болду. Райондун укук коргоо мекемесинен маалымдашкандай, 15-сентябрь күнү апасы менен пахта теримине чыккан бала пахта жүктөлгөн трактордун прицебине чыгып уктап калган. Аны байкабаган теримчилер үстүнө пахта жүктөгөн.
Окуя райондун Нарчок айылында болгон. Каза болгон Амирбек Рахматов 2007-жылы туулган. Быйыл Насахий атындагы мектептин 1-классына барган. (BaZ)
Окуя райондун Нарчок айылында болгон. Каза болгон Амирбек Рахматов 2007-жылы туулган. Быйыл Насахий атындагы мектептин 1-классына барган. (BaZ)