Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Укук коргоочулар тартип сакчыларына кайрылды


Укук коргоочулардын кеңеши “Бир дүйнө-Кыргызстан” фестивалынын жүрүшүнө тоскоолдук көрсөтүп жаткандар боюнча тартип сактоо органдарына арыз менен кайрылды. Алар иш-чарага тоскоол болгон топтордон коргоону суранышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кеңештен маалымдашты.

19-сентябрда "Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалына каршы Бишкекте аялдар тобу нааразылык билдирип чыккан. Алар “Азимжан Аскаров” деген тасмасын көрсөтүүгө каршы болушкан. Фестивалдын уюштуруучусу Төлөкан Исмаилова муну буйрутма деп сыпаттаган.

“Азимжан Аскаров” даректүү тасмасын "Фридом Хаус" уюму тарткан. 15 мүнөттүк бул фильм фестивалда 21-сентябрь күнү көрсөтүлөт. Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июндагы коогалаңда улут аралык кастыкты козуткан жана милиционерди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Ал өзүн акыйкатсыз соттолдум деп эсептейт.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын имаратында өтүп жатат. Ал 18-сентябрда башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG