Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Найробиде барымтада тургандар бошотулууда


Кенинянын куралдуу күчтөрү барымтадагылардын көпчүлүгү бошотулганын жана аскерлер соода борборунун көпчүлүк бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганын Твиттер аркылуу билдирди. Террорчулар кол салгандан бери бул жерде 68 киши өлгөнү кабарланууда. Азырынча барымтадан бошотулгандардын жана кармалып тургандардын так саны тууралуу маалымат айтыла элек.

Окуя башталган ишембиден бери 1 миңден ашуун адам аман-эсен эвакуацияланды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “ал-Шабааб” экстремисттик уюму өзүнө алды. Алар кениялык контингенттин кошуна Сомалидеги бейпилдик миссиясына катышуусуна каршы болушууда.

XS
SM
MD
LG