Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 18:59

Сүрөтчү Жумабай Үмөтовду эскерүү кечеси өтөт


Бүгүн Бишкекте белгилүү сүрөтчү Жумабай Үмөтовду эскерүү кечеси жана анын чыгармаларынын көргөзмөсү өтүүдө. Иш-чара сүрөтчүнүн 80 жылдыгына арналып уюштурулууда. Жумабай Үмөтов Кыргызстандын көркөм маданиятына новатордук салымын кошкон чебер болгон. Ага Эл сүрөтчүсү деген наам ыйгарылган. Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 30-сентябрга чейин өтүүчү көргөзмөгө автордун ата мекен темасына арналган кийизден жана чийден жасалган 30 чыгармасы коюлмакчы. Жумабай Үмөтов 1933-жылы көлдүн Ичке-Жергез айылында туулган. Тирүү болгондо быйыл 80ге чыкмак. (RK)

XS
SM
MD
LG