Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Инспекторлор Сириядагы ишин улантышат


БУУнун инспекторлору Дамаскка кайтышты. Алар химиялык курал боюнча иликтөөсүн улантышмакчы. Аке Селлстром баштаган топ 30 айдан бери созулуп келаткан уруш маалында химиялык курал колдонгон делген 14 фактыны текшерет. Жаңжал болжолу менен 110 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кетти.

Инспекторлор өткөн айда жүргүзгөн алгачкы иликтөөсү менен баш катчы Пан Ги Мунду тааныштырышкан. Алар тыюу салынган химиялык курал масштабдуу түрдө пайдаланылып келатат жана 21-августта Дамасктын Гхута конушу газ чабуулуна туш болгон деген бүтүмгө келишкен.

Селлстром миссиянын кеңири доклады октябрдын этегинде даяр болушу мүмкүн деп билдирди.

XS
SM
MD
LG