Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 05:03

Акыйкатчыга добуш берүү кийинки жумага калды


Кыргызстандын акыйкатчысына добуш берүү келерки аптанын шаршембисине калды. Жогорку Кеңеште ушундай чечим кабыл алынды. Бул кызматка 49 талапкер ат салышууда. Алардын ар бирине 3 мүнөттөн убакыт берилип, программасын угуу бүгүн башталды. "Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин түрмөдөн эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген айып менен үч ай мурда Жогорку Кеңеш мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан алып койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG