Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Евразиянын китепканалары кызматташтыгын бекемдөөдө


Азербайжандын борбору Баку шаарында Евразия китепканалар ассоциациясынын жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын Улуттук китепканасынын директору Жылдыз Бакашова да катышып жатат. Жыйында келерки эки жылга мерчемделген кызматташтык планы кабыл алынды. Орток журнал чыгарып туруу демилгеси айтылды. Ассоциациянын кийинки жыйыны эми бир жылдан кийин Кыргызстанда өтмөй болду. Аталган уюмга КМШнын 8 өлкөсү мүчө. Келерки жылы Кыргызстандын улуттук китепканасы өзүнүн 80 жылдыгын белгилейт. (RK)

XS
SM
MD
LG