Бишкек 135 жылдыгын белгиледи
Бишкек шаарынын 135 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар борбордук “Ала-Тоо” аянтынан башталып, Дөлөн Өмүрзаков атындагы көк майсаңда аяктады. 135 жылдыктын алкагында “Ак-Кула” ат майданында улуттук ат оюндары, жаштар аллеясында жапондордун “Бон бийи” боюнча фестивалы да болуп өттү. Уюштуруучулардын айтымында Бишкектин туулган күнүн белгилөөгө 100 миң доллардан ашык акча сарпталган. (Улан Эгизбаев, Мирлан Токталиев)