Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Аксы: Үңкүр-Тоодогу талаштуу аймак талкууланат


Бүгүн Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчылары жолугат. Жолугушууда эки өлкөнүн башкы чек арачылары Аксы районундагы Үңкүр-Тоо аймагындагы талаштуу жер боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Мурда кабарлангандай, өзбек чек арачылары 20-сентябрда Үңкүр-Тоо аймагындагы Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга жакын жерге бекет орнотушкан. Кыргызстандык чек арачылар барып сүйлөшкөн соң ары жылып кетишкен. 21-сентябрдан тарта ал жерди кыргыз чек арачылары кайтарууда. Коңшу өлкөнүн чек арачыларынан бул аймакка кирип келгенине кооптонгон Аксы районунун тургундары 26-сентябрда жыйын өткөрүп, бийликтерге маселени тезинен чечүү талабын коюшкан.

Үңкүр-Тоодо "Кыргызелекомдун" ретранслятору жайгашкан. Бул жерди Кыргызстан өзүнө тийиштүү деп эсептейт. Ал эми расмий Ташкент ал аймактагы кыргызстандык антенналар мыйзамсыз турат деген пикирде.(BkA)

XS
SM
MD
LG