Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн кызматкери жасалма күбөлүк даярдап жаткан учурда милицияга кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында Б.Г. аттуу кызматкер мурда соттолгон 23 жаштагы жергиликтүү жаранга туулгандыгы тууралуу жасалма документ даярдап жаткан учурда, 29-сентябрь күнү колго түшкөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. (SE\МК)