Айдоочулар митингге чыкты
Транспорт министрлигинин жанында жүк ташуучу унаалардын айдоочулары митинг өткөрүүдө. Алар өкмөт кабыл алган токтом боюнча унааларга 44 тоннадан ашык жүк жүктөлбөсүн деген буйруктун аткарылышын талап кылышууда. Быйыл 26-июлда өкмөт кабыл алган 419-токтомго ылайык, унааларга 44 тоннадан ашык жүк жүктөлбөсүн деген чектөө коюлган. (Мирлан Токталиев)