Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Жол кайгуул кызматкерин сабаган жаран кармалды


Бишкекте жол кайгуул кызматынын өкүлүн сабаган жаран кармалып, сурак берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

30-сентябрь күнү Бишкектин Тынчтык жана Түштүк магистрал көчөлөрү кесилишкен жерде ЖКК кызматкерин белгисиз бирөө сабап кеткени кабарланган.

Милициянын маалыматына ылайык, аталган көчөлөрдүн кесилишинде жол чырагы иштебей калганына байланыштуу жол кыймылына көз салган кызматкердин буйругуна БМВ автоунаасын ээси баш ийген эмес. Унаадагы жигиттер ЖКК кызматкерин шылдыңдап, сабап, күбөлүгүн тартып алган. Дагы бир ЖКК кызматкеринин погонун тартып алып, изин жашырышкан. Окуя күндүз саат экилер чамасында болгон.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Оштун Алай районуна караштуу Каруул айылынын 28 жаштагы тургуну кармалды. Жанындагылар изделүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG