Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Өкмөткө Кумтөр боюнча сүйлөшүүнү улантуу тапшырылды


Мындай чечим Жогорку Кеңештин Экономика, фискалдык саясат жана Отун-энергетика комплекси боюнча комитеттеринин шейшембидеги бергелешкен жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, өкмөткө “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнүн жолдорун карап көрүү тапшырылды. Ошондой эле сүйлөшүүчү топтун курамына ар бир фракциядан бирден депутатты киргизүү да сунушталды.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” Кумтөр кенин бергелешип иштетүү боюнча меморандумду сунуштаган. Ага ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Бирок өкмөттүн мындай сунушун парламенттеги “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары четке каккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG