Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Корей кинолорунун фестивалы башталат


Бүгүн Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Корей жана Борбор Азия кинолорунун фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Түштүк Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданий байланышын бекемдөө максатын көздөгөн фестивалда кыргызстандык жана кореялык жаш режиссерлордун тасмалары көрсөтүлөт. Ошондой эле эки өлкөнүн кино өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу талкуу, мастер-класстар да өтөт. Фестивал “Борбор Азия жана Корея” деп аталган форумдун алкагында уюштурулууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG