Мамлекеттик катчы Жон Керри "Америкадагы мамлекеттик ишканалардын убактылуу иштебей калышы башка өлкөлөр тарабынан Вашингтондун саясий жана каржылык кыйынчылыктар менен күрөшүүдөгү алсыздыгы катары бааланууда" деген билдирүү жасады.
Бирок Керринин айтымында, АКШнын каршылаштары бул өткөөл “саясий кырдаал” экенин түшүнүшү керек.
Жон Керри учурда Бали аралында өтүп жаткан Азия-Тынч океан кызматташуусуна кирген өлкөлөрдүн саммитинде АКШнын делегациясын жетектеп жүрөт. АКШ президенти Барак Обама өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу максатында саммитке келе алган жок. АКШда мамлекеттик ишканалар 5 күндөн бери иштебей турат. (AiK)