Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:11

Кара-Сууда сот пара менен кармалды


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук сотунун судьясы А.З. бүгүн өз иш бөлмөсүндө 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Судья аталган райондун тургундарынын биринин арызын оңунан чечип берем деген убада менен 40 миң сом талап кылган. Бул окуя боюнча башкы прокурордун биринчи орун басары судьянын үстүнөн Кылмыш кодексинин “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG