Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

АКШ Египетке каржылык жана аскерий жардамын кыскартат


Америка бийлиги Египетке берилип келген 1,3 млрд. доллар өлчөмүндөгү жардамынын көпчүлүк бөлүгүн кыскартмак болгонун жарыялады. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псакинин айтуусунда, Вашингтон жардамын “Египет көрүнүктүү деңгээлде демократиялык реформа жасаганча” токтото турууну чечкен. Кыскарган аскерий жардамдын ичинде ири аскер техникалары: истребителдер, танктар, тик учактар жана ракеталар бар.
Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча жардамдын кыскарылышы убактылуу, мурунку өлчөмдөгү жардам алуу үчүн Египет эркин жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө тийиш.

Бирок Вашингтон Египетке терроризм менен күрөшүү, өлкөнүн чек арасын чыңдоо жана Синайда коопсуздукту күчөтүү үчүн жардам берүү улана берерин айтууда.
Египеттеги стабилдүүлүктү камсыздоо максатында Вашингтон жылына 1 миллиард доллардан көп каражат берип келген.

XS
SM
MD
LG