Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Вашингтон Азербайжандагы шайлоону сынга алды


АКШнын Мамлекеттик департаменти Азербайжанда 9-октябрда өткөн президенттик шайлоо эл аралык стандарттардан алыс өттү деп айтты. Бейшембидеги билдирүүсүндө департаменттин өкүлү Мари Харф шайлоого ЕККУнун берген баасын колдоду. ЕККУнун байкоочулары Бакудагы маалымат жыйынында шайлоо акыйкат да, эркин да боло албаганын айтып чыгышкан. Алардын маалыматы боюнча добуш берүү участокторунун 58% добуштар тескери натыйжа берген.

Азербайжанда 2003-жылдан бери президенттик тактыны ээлеп келаткан Илхам Алиев 9-октябрдагы шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча 85% добушка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG