Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Мектептеги маселелер ата-энелер менен талкууланат


Youth of Osh уюму ишке ашырып жаткан “Кабар ордо” долбоорунун адистери октябрдын соңуна чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында мектептеги маселелерди талкуулайт.

Бул тармактагы мамлекеттик кызматкерлер, серепчилер жана ата-энелердин катышуусу менен өтө турган жыйындарда мектептердеги көйгөйлөр айтылып, анын чечүү жолдору сунушталат.

Долбоордун адистери билдиргендей, талкуу Билим берүү тармагын жетектеген кызматкерлер менен ата-энелердин ортосунда диолог түзүү мүмкүнчүлүгүн көздөйт. Жыйындар Ошто жана райондордун борборлорунда өтөт.

Аймактагы мектептердин негизги көйгөйү - китептердин жетишсиздиги жана окуучу кыздардын оромолчон сабакка келүүсү. Андан сырткары, айыл жерлеринде балдарды себепсиз мектептен алып калуу фактылары көп катталаарын адистер белгилешет.

“Кабар ордо” - Youth of Osh коомдук бирикмеси менен АКШнын Search for common ground уюмунун биргелешкен долбоору. Ал USAID тарабынан каржыланат. (SE)

XS
SM
MD
LG