Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 00:17

Футбол: Кыргызстан Тажикстандан утулду


Бишкекте бүгүн өткөн жолдоштук беттеште Тажикстандын курама командасы кыргызстандык футболчуларды 4:1 эсебинде жеңди.

Кыргызстандын жалгыз голун оюндун экинчи бөлүгүндө Ахлиддин Исраилов киргизди. Беттеш Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болду.

Эки күн мурда кыргызстандык футболчулар Бишкекте Кувейт мамлекетинин футболчуларын кабыл алып, 3:0 эсебинде жеңишке жеткен. (SE\KMa)

XS
SM
MD
LG