Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Азимжан Аскаровдун арызы Жогорку Сотто каралат


Бүгүн Жогорку Сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокатынын арызы каралат. Анда Аскаровдун адвокаты 2010-жылы укук коргоочуну кармоо маалында уруп-согууга туш болгонун билдирип, ага күнөөлүү күч кызматкерлеринин жана эч кандай чара көрбөгөн прокурорлордун жоопкерчилигин кароону өтүнгөн.

Бирок буга чейин Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад облустук соту бул арызды канааттандыруудан баш тарткан. Ал ортодо Аскаровдун уулу Шерзод Аскаров БУУ баштаган бир нече уюмга арыз менен кайрылды. Анда Аскаровдун 2010-жылдын июнь айында мыйзамсыз камалып, кыйноого алынганы, андан кийин сот иштери бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп, Жогорку Сот акыйкатсыз өмүр бою абакка кескени тууралуу жазылган.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июндагы коогалаңда улут аралык кастыкты тутанткан жана милиционерди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG