Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Иран жана АКШ өкүлдөрү өзөктүк программа боюнча жолугушту


АКШ Мамлекеттик департаментинен Ирандын өзөктүк программасы боюнча Женевада өткөн конференцияда Кошмо Штаттардын жана Тегерандын жогорку даражалуу өкүлдөрү сүйлөшүү өткөргөнүн ырастады. Жолугушууга АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уэнди Шерман жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи катышты. Бир саатка созулган сүйлөшүү АКШ тараптын баасында өтө пайдалуу өттү.

Шейшембиде, Евробиримдиктин өкүлдөрү Женевадагы конференция жүрүшүндө Иран өзөктүк программадагы талашты жөнгө салуу үчүн абдан пайдалуу сунуш менен чыкканын кабарлашкан. Ушул күндөрү Женевада Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ, Франция, Британия, Орусия, Кытай жана Германия сыяктуу державалары сүйлөшүүлөр өтүп жатат.

Эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү бар деп шек санаса, Тегеран программа энергия алуу максатын гана көздөрүн айтып келет. Көптөн бери талаш жараткан бул маселе Ирандын жаңы президенти Хасан Роуханинин ишке кириши менен жөнгө салынууда жылыш болот деп эл аралык коомчулук үмүт кылууда.

XS
SM
MD
LG