Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:49

Кыргыз жараны Пакистанда бөйрөгүн алмаштырды


Жакшыбек Тажиковго Пакистандын Равалпинди шаарында жасалган бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү болду. Ага бир тууган эжеси Кылымкан Тажикова бөйрөгүн берди. Операция Jinnah Memorial Hospital ооруканасында жасалган.

Жакшыбек Тажиков 10-октябрда Кыргызстанга учуп келгенин "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты. Дарылоо иштерине Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги көмөк көрсөткөн.

Буга чейин Пакистанда кыргызстандык 20 адам бөйрөк алмаштырган. (SE)
XS
SM
MD
LG