Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда


Женевада Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германиянын өкүлдөрү эки күндөн бери расмий Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи өлкөнүн талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнүн биринчи күнүн “позитивдүү” болду деп баалады. Анын айтымында, Иран сүйлөшүүлөргө жаңылык киргизчү “сунуштарды” жасады. Ирандын ал сунушу балким өлкөнүн атомдук жайларына эл аралык инспекторлорду киргизүүнү караса керек деген сөздөр да айтылууда.

Батыш азыр Иран жашыруун түрдө атомдук бомба жасап жаткан болушу мүмкүн деп чочулоодо. Иран болсо аталган программанын айынан өлкөгө киргизилген санкцияларды жумшартууга аракет кылып, анын ядролук программасы жайчылык максатта гана, энергия алыш үчүн колдонулаарын айтып келет.

Британиянын Тышкы иштер министри Уильям Хейг бүгүн Токиодо сүйлөп, санкцияларды жумшартуу чечими конкреттүү натыйжанын артынан гана жасаларын белгиледи. "Санкцияларга байланыштуу кандай гана чечим болбосун ал Ирандын өзүнүн ядролук программасы боюнча конкреттүү, позитивдүү өзгөрүүлөргө кадам койгонунан кийин жасалышы керек", - деди британ тышкы иштер министри Хейг.

XS
SM
MD
LG