Апта соңунда Ирактын аймагындагы 9 жардыруудан ондогон адамдар апаат болду. Жекшембиде борбор шаар Багдаддын түштүгүндөгү шийиттер жашаган райондогу кафедеги кош жардыруудан кеминде 34 адам мерт кетти. Расмий бийликтер дагы 50дөн ашык киши жараат алганын кабарлашты. Ал эми Рава шаарында жанкечти өзүн жардырып жиберип, андан 8 адам каза тапты. 30га жакын адам ар кыл жараат менен ооруканага түштү, алардын арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, полициячылар да бар.
Иракта ушул айда эле 480ден ашык адам ар кыл жардыруулардан апаат болду. “Франс пресс” агенттигинин жазышынча, жыл башынан бери жардыруулардан ажал тапкандардын саны 5 миңге жетти.
Иракта ушул айда эле 480ден ашык адам ар кыл жардыруулардан апаат болду. “Франс пресс” агенттигинин жазышынча, жыл башынан бери жардыруулардан ажал тапкандардын саны 5 миңге жетти.