Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Ак илбирсти сактоо боюнча форум өтөт


Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен маалымдашкандай, бүткүл дүйнөлүк форум 22-24-октябрда Бишкекте өтөт.
Ал жок болуп бара жаткан ак илбирстерди коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөйт. Ага ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, жыйынтыгында ак илбирстерди сактоо боюнча атайын декларация кабыл алынмакчы.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 20 жыл мурун миңге жакын ак илбирс бар болсо, азыр алардын 300дөйү калган. Бирок адистер акыркы жылдары ак илбирстин көбөйгөнү байкалып жатканын билдиришүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG