Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Асад конференциянын жыйынтыгынан күмөн санайт


Сириянын президенти Башар Асад өз өлкөсүндөгү жарандык согушту токтотууну максат кылган эл аралык конференциянын ийгиликтүү жыйынтыкталаарынан күмөн санайт. Бул тууралуу ал дүйшөмбүдө Сириядагы “ал-Майдан” телеканалындагы маегинде билдирди. Анын айтымында, конференциянын качан өтөөрү азырынча аныктала элек.

Асад конференцияга чакырылган оппозициячыл топтордун мүчөлөрү Сириянын элине караганда, чет элдик державалардын кызыкчылыгын коргойт деген пикирин билдирди. Ошондой эле Сирия президенти 2014-жылга белгиленген президенттик шайлоого үчүнчү ирет ат салышууга эч кандай тоскоолдук көрбөй турганын да кошумчалаган.

Буга чейин АКШ жана Орусия Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн тынчтык конференциясын өткөрүп, жаатташкан эки тарапты ийге келтирүүнү сунушташкан.

Эки жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан Сириядагы жаңжалда 100 миңден ашык адам апаат кетти.

XS
SM
MD
LG