Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Жогорку Кеңеш Кумтөр меморандумун талкуулап жатат


Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр меморандуму боюнча сунуштар эске алынганын, ал боюнча өкмөттүк топ иштеп жатканын билдирди. Премьер-министрдин айтымында, биргелешкен ишкананы башкаруу, анын укуктук маселелерин тактоо боюнча топ вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин башчылыгында иш алып барууда. Бирок топту Оторбаев башкарып жатканы айрым депутаттар тарабынан сындалды. Исмаил Исаков Оторбаев Кумтөр маселесин толук түшүнбөйт деп билдирди.

Бүгүн депутаттар Кумтөр кенин иштетүү боюнча чечим кабыл алышы керек. Өкмөт сунуштаган меморандумга ылайык, “Центерра Голд” менен бирдикте эки тарап 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, Кумтөрдү иштетиши керек. Ага Кыргызстан жетекчилик кылат.

Буга чейин аталган меморандум үч ирет талкууланып, көпчүлүк депутаттар аны сындап чыккан эле. Депутаттар Кумтөрдөгү 50 пайыздык үлүшкө макул болбой, аны 67 пайызга чыгарууну талап кылышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG