Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

Москвада 25 кыргызстандык кармалып турат


Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды кармоо борборунда учурда 25 кыргызстандык кармалып турганын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. Анын айтымында, бул жарандардын көпчүлүгү Орусияда каттоого турбай, мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалган. Алар жакынкы аралыкта Кыргызстанга депортацияланышы мүмкүн. Учурда элчилик кызматкерлери кармалгандарга укуктук жардам көрсөтүп жатышат.

Москванын Бирюлево районунда 13-октябрда болгон башаламандыктан соң мигранттарды депортациялоо, текшерүү күч алган. Буга чейин Кыргызстандын 14 жараны кармалып, алардын онун өлкөдөн депортациялоо чечими чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG