Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

УКМК Жумабаев боюнча комментарий бере элек


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Кеңешбек Жумабаевдин кармалышы боюнча комментарий бере элек. Атайын кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн бул боюнча аларга маалымат түшө электигин билдиришти.

7-октябрдагы Караколдогу башаламандык боюнча активист Кеңешбек Жумабаев УКМКга камакка алынганын анын адвокаты Шарабидин Токтосунов 24-октябрда “Азатыкка” кабарлаган. Анын айтымында, бейшемби күнү эртең менен атайын кызмат өкүлдөрү Жумабаевди үйүнөн алып кетишкен. Андан соң Токтосуновго улуттук коопсуздук комитетинен Жумабаев 7-октябрдагы Караколдогу башаламандыкка байланыштуу суракка чакырылганын билдиришкен.

Жумабаев акыркы учурда оппозициячыл маанайдагы “Жаңы ордо” жана “Азат” гезиттеринде кабарчы катары иштеп жүргөн. 7-октябрда Караколдогу Кумтөр меморандумуна каршы митингге активдүү катышкан.

Андан сырткары, “Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Садыр Жапаров камалган учурда аны коргоо комитетинин башчысы катары нааразылык акцияларын уюштуруп жүргөн эле. (SE)

XS
SM
MD
LG