Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Ооганстан молдо Барадар боюнча түшүндүрмө талап кылат


Ооганстандын президенти Хамид Карзай Пакистандан талиптердин мурдагы кол башчысы молдо Абдул Гани Барадардын кайда экенин түшүндүрүүнү талап кылат. Президенттин маалымат катчысы Аймал Фаизинин айтымында, бул маселе Британиядагы үч тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда козголмокчу.

"Талибандын" мурдагы таасирдүү жетекчилеринин бири Барадар дагы эле Пакистан бийлигинин “катуу көзөмөлүндө” кала берүүдө, - деди Фаизи.

29-октябрда Карзай Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон жана Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф менен жолугушат.

Молдо Барадар сентябрдын этегинде Пакистандагы түрмөдөн азат кылынган. Анын бошотулушу Ооганстандагы тынчтык процессине салым кошот деп айтып келген. Бирок маалыматтарга ылайык, ал азыр да үй камагында кала берүүдө. Пакистан Исламабад өз убадасына турган жок деген Ооганстандагы талиптердин билдирүүсүн четке какты.

XS
SM
MD
LG