Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Тигүү жана текстиль өндүрүшү кыскарды


Быйыл тигүү жана текстиль өндүрүшү өткөн жылга салыштырмалуу 27 пайызга кыскарганын "Азаттыкка" Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Осмоналиев билдирди. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, тогуз айда тигүү жана текстиль өндүрүшү 1 млрд. сомго кыскарды. Бул бажы төлөмдөрдүн 2-3 эсеге көбөйүшүнө байланыштуу экени айтылган. Эртең, 30-октябрда статкомитет каалоочуларга ачык эшик күнүн өткөрөт. Анда ар кайсы тармак боюнча статистикалык маалыматтар, өзгөрүүлөр айтылат.

Кыргызстанда жеңил өнөр жайдын негизги өзөгүн тигүү тармагындагы ишканалар түзөт. Улуттук статистикалык комитеттин эсебине караганда, былтыр тигүүчүлөр 9 миллиард сомдон ашык товар өндүрүп, анын 80 пайыздан ашыгын сыртка экспорттогон. Аталган тармакта 180 миңден ашык адам эмгектенет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG