Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Кыргызстанга казак өкмөт башчысы келди


Кыргызстанга расмий иш сапары менен Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов келди. Аны бүгүн “Манас” аэропортунан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тосуп алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов кабарлады.

Кыргыз-казак кызматташуусу боюнча негизги сүйлөшүүлөр бүгүн түштөн кийин башталат. Анда Таластагы Маймак өткөрүү бекетин Бажы биримдигинин жол картасына киргизүү маселеси, кыргыз-казак чек арасындагы Көк-Сай, Кичи-Капка талаштуу аймактары боюнча сөз болот.

Сатыбалдиевдин кечээ билдиргенине караганда, жолугушуу маалында бир катар документтерге кол коюлат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG