Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Израил Сириядагы базага сокку урганын тастыктай элек


Израил Сириядагы аскерий базага абадан сокку урганын тастыктай элек. Окуя 30-октябрда Латакия шаарында болгону, ал базада Орусияда чыгарылган ракеталар сакталганы айтылат.

CNN телеканалы аты аталбаган америкалык расмий өкүлгө шилтеме жасап кабарлаганына караганда, Израил ал базадагы ракеталар “Хезболла” куралчан тобуна берилет деп ойлогон.

Сирия оппозициясынын Адам укуктары боюнча обсерваториясы уюму шаршембиде Латакиядагы ал базада жарылуу болгонун кабарлаган болчу. Ливандын армиясы болсо ал күнү өздөрүнүн аба мейкиндигинен Израилдин алты аскерий учагы өткөнүн кабарлады.

Израилдин армиясы Сириядагы айрым жерлерде быйыл январда жана майда эки ирет абадан чабуул койгону белгилүү.

XS
SM
MD
LG