Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Иран: абактагы төрт саясий айыпкер ачкачылык жарыялады


Иран түрмөсүндө ачкачылык жарыялаганы кабарланган таанымал укук коргоочу Абдолфаттах Солтани.
Иран түрмөсүндө ачкачылык жарыялаганы кабарланган таанымал укук коргоочу Абдолфаттах Солтани.
Бул тууралуу “Азаттыктын” Иран кызматы – “Фарда” радиосуна адам укугун коргоочу Абдолфаттах Солтанинин кызы кабарлады. Маалыматка караганда, төрт саясий айыпкер Ирандын айтылуу Эвин түрмөсүндө ачкачылыгын 2-ноябрда, Солтани алтымыш жашка толгон күнү башташкан. Алар түрмө шартына, диссиденттер медициналык жардам алалбаганына нааразылык билдиришүүдө.

Абдулфоттах Солтани Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади менен бирге Адам укугун коргоочулар борборун түзгөн. Ал 2011-жылы камалып, ар кандай, анын ичинде мамлекетке каршы пропаганда жүргүзгөн деген айып менен 13 жылга кесилген. (UE)

XS
SM
MD
LG