Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Бачабаздарды мөөнөтүнөн мурда бошотууга тыюу салынды


Буга байланыштуу мыйзам долбоорго президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, эрезеге жетелек балдарды зордуктоо менен соттолгон адамдардын жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулуусуна тыюу салынат.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбооруна ылайык, соттолуп чыккан жарандар билим берүү тармактарына жумушка кире албайт. Бул тармакка кызматка орношоор алдында соттолбогону тууралуу маалымдама талап кылынат.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда соңку эки жылда жашы жете элек наристелер сексуалдык зомбулукка кабылган учурлар эки эсе көбөйгөн. Маселен 2010-жылы педофилия боюнча 75 факт катталса, 2012-жылы алардын саны 150дөн ашкан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG