Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Москвада “Орус жүрүшүнүн” 30 чакты катышуучусу кармалды


Дүйшөмбүдө Орусиянын биримдик күнүнө карата Москва шаарынын бир нече аймактарында орус жүрүшү болуп өттү. Люблинодогу жүрүшкө сегиз миңге чукул киши келгени айтылса, Москванын түндүк-батышындагы маршка жыйырма миңден ашык киши катышканын уюштуруучулар билдиришти. Москванын полициясы марштын айрым катышуучуларын беткап кийип жүргөнү жана экстремисттик чакырыктарды жасаганы үчүн кармады. Марштын уюштуруучулары да жүрүшкө атайын чатак чыгарууну каалаган чагымчыл кишилер келип кошулганын айтышууда.

4-ноябрда Москвадан тышкары Орусиянын бир катар шаарларында улутчулардын жүрүштөрү болду.

XS
SM
MD
LG