Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:18

Жалал-Абадда токойчулар митингге чыкты


Бүгүн Жалал-Абадда токойчулардын митинги өттү. Кабарчыбыздын айтымында, 60ка жакын киши обладминистрациянын алдында чыгып, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Сабыржан Атажановдун кадр саясатын сынга алып, анын кызматтан кетүүсүн, токой жана экология кызматкерлеринин 1-3 миң сомдук айлык акысын 100% көтөрүүнү жана атайын кийим- кече, курал-жарак менен камсыз кылууну талап кылды. Жалпысынан сегиз талап жазылган кайрылуу өлкө президенти, парламент жана өкмөт башчыларына жөнөтүлдү. Мындай талаптар коюлган митинг Жалал-Абадда ушуну менен төртүнчү жолу өтүп жатат. Сабыржан Атажановдун “Азаттыкка” айтымында, ал жетектеген мекеменин аймактык башкармалыктарынын түзүлүшү “бул системада жүргүзүлүп жаткан реформанын бир көрүнүшү болуп эсептелет, андыктан ага карата айтылган сын негизсиз”. (YA/RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG