Бишкектеги №4 төрөт үйүнөн ымыркай уурдалды. Бул окуя боюнча Октябр райондук милициясында кылмыш иш козголгонун "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Анарбек Алимахунов билдирди. Ымыркай өткөн айда туулган. Энеси операция болуп, башка ооруканада жаткандыктан аны төрөт үйүндө багып жатышкан. Азырынча окуя тууралуу энесине кабар бериле элек. Баланы жаткан жеринен кечээ кечинде таппай калышкан. (RK)