Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Тажикстанда президенттик шайлоо жүрүп жатат


Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 2де добуш бергендердин көрсөткүчү 68 пайызга жеткенин кабарлап, “шайлоону расмий өттү деп тааныса болоорун” билдирди. Бир аз мурдараак эртең мененки 10:00до добуш бергендер 40 пайыздан ашканы айтылган болчу.

Мамлекет башчы Эмомали Рахмон 4-жолу жеңишке жетээри күтүлүүдө. Калган 5 талапкер салыштырмалуу белгисиз саясатчылар. Шайлоо кампаниясы маалында алар өкмөттүн саясатын сындоодон оолак болуп келишти. Оппозициядагы Социал-демократиялык партиясы үгүт иштери конституцияны бузуу менен жүргүзүлгөнүн, мамлекет тарабынан бурмалоолор болгонун айтып, өнөктүктү бойкотторун билдириди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Тажикстандын өкмөттүк маалымат каражаттары жалаң Рахмонго көңүл буруп келишкенин сындады. Добуш берүү алдында YouTube жана бир катар эркин кабар порталдары жарым-жартылай ачылбай калды. Тажикстан жумушсуздук жана коррупциядан жапа чеккен Борбор Азиядагы эң жакыр өклөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG