Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Керри: Ирандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишсе болот


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын атомдук программасына байланышкан талашты жөнгө салуу боюнча келишимге бир нече айдын ичинде жетишсе болот деп эсептейт. Өткөн жумада Женевада Тегеран жана дүйнөлүк 6 держава 3 күндүк сүйлөшүү өткөрүшкөн. Ушу тапта Абу Дабиде жүргөн Керри Иран “азыркы учурда” 6 мамлекеттин биргелешкен сунуштарын кабыл алууга даяр эмес болуп чыкты деп билдирди.

Сүйлөшүүлөр 20-ноябрда уланмакчы. Ал тапта БУУнун Атомдук энергетика боюнча агенттигинин башчысы Юкио Амано Тегеранда Ирандын атомдук программасына байланышкан биргелешкен билдирүүгө кол койду.

XS
SM
MD
LG